Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты

Бүгүн, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Талас эли менен жолугушуу учурунда 8-февралда Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшкө арналган жыйыны өткөнүн эске салды. Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан иликтенип чыккан.

"Республиканын прокуратура органдары көзөмөл иретинде 2010-2017-жылдарда бардыгы болуп 3 миң 408 кылмыш ишин иликтеген, анын 2 миң 262си токтотулган жана 1 миң 146сы жабылган. Кылмыш иштерин иликтеп чыгып, анын ичинен 498 токтотулган жана 85 жабылган кылмыш иштери боюнча иликтөөнү кайра жандантты. Иликтөөнүн натыйжасында акыркы процессуалдык чечим кабыл алынып, 51 иш сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 6 иш боюнча тергөө токтотулган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым", - деди президент.

Ошону менен катар эле мамлекет башчы мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bekmirzach
2018-07-12 19:52:43
Учурда мурдагыдай жогору жактан көрсөтмө берүү жок, президент С.Жээнбеков сотторго эркиндикти берди. Болгону соттор өз алдынчалыкка ээ боло албай жатат. Азыр соттор өз алдынча чечим чыгаруу кадамын жасай албай, мурунку калыптанган абалдан чыга албай жатышат. А.Атамбаевдин убагында бир топ саясатчыларга саясий куугунтук болуп, саясий жагдайдан улам соттолгону бул факт. Азыркы соттор мурда бир жерди карап көнүп калышкан, сот тармагында ошондой психологиялык абал калыптанып калган.
+5
Munar8625
2018-07-12 20:22:22
bekmirzach,100пайыз кошулам
+1
surgeon777
2018-07-13 09:13:46
bekmirzach,кайдагы жомокту айтпачы,азыр да сотторго мурдагыдай эле президент буйрук берип турат,УКМКнын ишин деле карасанар куду Атамбаевдин жасаганын жасап жатышат,так что орун алмашуудан сумма озгорбойт,так что Соке АША досунан алыс барбайт,алма сабагынан алыс тушпойт,эски схема менен бара жатат,эчтеке озгортпойт,коросунор..ал учун жаны адам келиш керек,жаныча ойлонгон,жаныча иштеген.
+4
Bazake
2018-07-13 12:30:10
bekmirzach, туура айтып жатасын. Жээнбековду колдош керек токтоосуз. Азыр уурулар баары каршы чыга баштады
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-07-12 20:41:24
Ошондуктан элдин тушунугу да президент сотторду башкарып жатат деп уйронуп калган аташканар бааржокту каша кылып кеткен тура.
+2
Arti
2018-07-12 23:59:34
Жээнбек жакпай баратат, кайра тапшырма бергени кайсы? Бир суйло все!
+6
Bazake
2018-07-13 12:31:23
Arti,ар бир маселе боюнча тапшырма бергенин тушунсон боло туугандарым
0
pat12
2018-07-13 00:07:09
Жээнбеков умутту деле актабайт. Саясаттагы кучтуу атаандаштарын коррупцияга шылтап, маалымдоо каражаттары аркылуу жамандап, анан ГКНБга туздон туз озу тапшырама берип каматып жатат. Президент деген баардыгына калыс боло алган жок. Раим миллионго окшогондор жыргап журушот.
+4
Nuura
2018-07-13 03:03:00
Соттор Текебаев менен Садыр Жапаровду актап боштондукка чыгарса эч нерседен коркпой ошондо гана эл ишенмек .Жаны бийлик сотторду башкарбай жатканын .Тилекке каршы бир да соттор озунун кызыкчалыгын ойлоп жаны бийлик эмне десе ошону угуп отурат.
+2
bond02
2018-07-13 09:35:32
Конгантиевди кайрадан ИИМдин министри кылуу керек.
-1
altyn7776
2018-07-13 10:22:14
Айткылачы, кайсы куноолуулор камалып толук жазасын алды?2010 жылы АША шомтуроп ыйлап балдардын бейитинде соз бербеди беле, баары жазасын алат деп? Конгантиев 7 жыл журду го эркиндикте эле... Конгантиев биякта калсын, Бакиевдерди Санжарынан бери чыгарып жиберишти го...кача албай калганын кошо качырып...туштон кийин ач айкырыктын кереги жок эми.
+1
bekmirzach
2018-07-13 12:28:59
Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», - деди С. Жээнбеков.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан