Молдовановкадагы №1-түзөтүү абагын кайтарган жоокер өзүн-өзү атып алды
Молдовановка айылында жайгашкан №1-түзөтүү абагын кайтарган 21 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июлга караган түнү түнкү саат 03:00 чамасында болгон.
"ЖАМКнын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 21 жаштагы А.М. аттуу жоокери кызмат учурунда күзөттө турган жеринен Калашников үлгүсүндөгү курал менен өзүн атып алган. Ок жоокердин кекиртегинен өйдө карай атылган. Окуя болгон жерден жоокер Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, ага операция жасалды", - деди басма сөз кызматкери.
"Учурда анын абалы оор. Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп баштады" деп кошумчалады маалымат катчы.
Эске салсак, өткөн айда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19-абакты кайтарган жоокер өзүн-өзү атып каза болгон.