Соттук-эксперттик кызмат: "Табылды Матсаков Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жалган жыйынтык чыгарган эмес"

Соттук-эксперттик кызматтын төрагасынын орун басары Табылды Матсаков Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жалган жыйынтык чыгарды делген маалымат жалган. Бул тууралуу Соттук-эксперттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркуловдун жана ал окуядагы 2 адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Соттук-медициналык экспертиза бюросу комиссиялык экспертиза жүргүзгөн. Комиссия каза болгондор "жогорку температуранын натыйжасында каза болду" деген жыйынтыкка келген.

Матсаков ошол кезде Соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси катары гана жыйынтык тууралуу маалыматты айткан. Ал жаңы кызматка дайындалгандан кийин интернет тармагында, ар кыл сайттарда Медет Садыркуловдун өлүмү жол кырсыганан болгонун айтып, Матсаков ошол кезде жалган жыйынтык чыгарганын айтып чыгышкан.

Айта кетсек, 11-июлда Табылды Матсаков Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
take19
2018-07-15 13:53:45
Жалган жыйынтык болбогондо анан эмне. Жогорку температурага чейин эле өлтүрүлгөн да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан