"Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү - кезектеги арзан пиар" деп бүгүн, 17-июлда УКМКнын маалымат кызматынан жооп беришти. Аталган мекеменин маалыматына караганда, тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүргүзүлүүдө.
"Сапар Исаковдун иши Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде эч кандай мыйзам бузуусуз тергелүүдө, Токтакуновдун билдирүүсү карандай калп", - деди маалымат катчы.
Буга чейин Нурбек Токтакунов УКМКнын тергөөчүлөрү Сапар Исаковго жактоочунун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап, опузалап жатканын билдирген.
Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.