Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаш жараткан жер тилкелердин 85 пайызы такталган. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 18-июлда өзү жетектеген мекеменин жарым жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берип жатып айтты. Анын билдиришинче, тактала элек дагы 15 пайыз жерди тактоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылып жатат.
“15 пайыз чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылууда. Эгерде Өзбекстан тарап менен ушундай эле нукта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турсак, жакынкы арада бул маселени чечебиз деп ойлойм. Ал эми Үңкүр-Тоо тактала элек тилкелердин катарына кирет", - деди Абдылдаев.
Министр Өзбекстан тарап менен чек арадагы көйгөйлөр кескин түрдө азайганын кошумчалады. "Үңкүр-Тоодогу адамдар уурдалгандай окуя мындан ары кайталанбайт деп үмүттөнөбүз. Анткени эки тараптуу мамиле жакшы жагына өзгөрүп өткөн жылы пикир келишпестиктер кыйла азайган", - деди Абдылдаев.