Бүгүн, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык активисттер менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы менен жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Жарандык активисттер мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.