Поезд коштоочу: "Биздин поезддер Өзбек жана Тажик жарандарын билетсиз ташып жатат"

Бишкек-Орусия-Бишкек багытындагы поезддерде Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарын билетсиз каттап жатат. Бул тууралуу өзүн Алия деп тааныштырган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу 19-июлда аталган мекеменин ишмердүүлүгү боюнча өтүп жаткан коомдук талкууда айтып чыкты. Анын айтымында, ар бир поезд курамында 150дөй жүргүнчү билети жок каттап жатат.

Поезд коштоочу Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынын билети жок каттап жатканына көпчүлүк жүргүнчүлөр нааразы болуп, бир нече ирет кат менен кайрылышканын кошумчалады.

"Биздин поезд башчылары поездде Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарын билети жок алып жүрөт. Буга башка көптөгөн жүргүнчүлөр нааразы болуп кайрылышат. Бирок биздин жетекчилер көз жумуп коюп жатышат. Тактап айтканда, эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деди поезд коштоочу.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын тийиштүү бөлүм башчысы аталган маселени сентябрь айына чейин карап чыга турганын айтты. Бирок буга макул болбогон транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев маселени чечүүгө 5 күн убакыт берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Djal1987
2018-07-19 18:07:20
Жузу жок саткынчылар акча учун намыс каякта? Колду булгап
+12
Sabette
2018-07-19 18:19:10
Эмне үчүн сентябрда карап чыгат мен тушунбодум мыйзамдын иштебегенида бул качаан онолор экенбиз!!!
+11
tular
2018-07-20 12:35:58
Sabette, сентябрь айына чейин унутулуп калмак да?!
+2
Medina87
2018-07-19 20:53:35
5 кун жакшы срок.
Элестеткиле 5 кун ичинде да орто эсеп менен алганда 100 эле Тажик, озбек кетсин и то без билет??
500 "ЗАЙЧИКтердин" акчасы кимдин сол чонтогуно кетет??!!
+5
bond02
2018-07-19 22:02:13
Сентябрьга чейин халтура кылып алалы деп жатышса керек да ЖДнын шефтери.
+5
Jumabek.aitgul
2018-07-19 22:07:05
мен да самарага келгенмин бир вагон зайчик келген бир вагондо бир мен билет алып чыккам калган баары зайчиктер проводниктер эмнеге билет алдын бизге ошонун жарымын берсен жетип келмексин дешет
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан