Бүгүн, 19-июлда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Азыркы тапта соттун чечими чыга элек.
Ал эми райондук соттун алдына Албек Ибраимовду колдоо үчүн анын жакындары жана тарапташтары келди.
Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда мурдагы шаар мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып жатат.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалган.
13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Бүгүн премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.