Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго чакыруу жиберилгенине карабай ал УКМКнын сурагына келбей жатат. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ага өткөн жумада кат түрүндө чакыруу жиберилген.
“Учурда Албек Ибраимовдун суракка келишин күтүп жатабыз. Эгер ал биринчи жолку чакырууга келбесе, анда дагы бир жолу чакыруу жиберилет. Ага да келбесе, анда аны суракка алып келүү боюнча кийинки чаралар көрүлөт”, - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 13-июлда кезексиз жыйынга чогулуп, добуш берүү аркылуу шаар башчысына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Жалпы 40 депутат катышса, баары бул чечимге "макул" деп добуш беришкен.
Буга чейин Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берген. Ага "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.