"Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголду

"Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2012-жылы январь айында "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан" мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому Украинанын мамлекеттик хозрасчёттук компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган, ал партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Бул факты боюнча 28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен ишин козгоду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
toktor89
2018-05-30 14:25:39
Молодцы чукугула Буга окшогондорду жок кылыш керек!
+13
KRIMINAL
2018-05-30 14:29:53
Жакшы жаңылык......басма сөз кызматынын оозуна май))
+10
tular
2018-05-30 14:48:23
Бул экс президенттин айылдашыда!!!
+9
salimbek87.kg
2018-05-30 14:48:40
Жегендерди баарын кустуруш керек баарын кайтарып туруп карыздарды кайтарыш керек канча жеген болсо кайтарып туруп анан жазалаш керек болбосо тергөө дө ооруп калат анан дарыланыш керек болуп калат чоңдор анан чет өлкөгө качырып туруп пыыыш болуп калат.
+3
Ermekbai
2018-05-30 15:02:24
Очред Албековго келиптирда
+5
talaa11
2018-05-30 15:10:57
Албекти камаш керек паракорчу
+6
fantomas
2018-05-30 15:31:57
Бул бир чекеси... Жакшылап чукусанар 500 мин доллар эмес, 50 миллион доллар жегенин тапса болот...
+6
portugalia
2018-05-30 15:39:19
Уфффф чоңдор жегениңерди кускула эми.Жаңылыктардын баары эле Кыргызстанды түгөтүп, жеп жаткандар тууралуу болуп калды го.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан