"Экс-мэр Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган" дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы

"Экс-мэр Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган", - деп бүгүн, 7-февралда маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, бул каражат "Дастан Инжиниринг" компаниясынын кассасынан чыгарылган. "Ибраимовго бир нече кылмыш иши боюнча айып тагылып жатат. "Дастан Инжиниринг" жана "Дастан" компанияларынын келишимине ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада 21 миллион 942 миң сомго жеткирилген. Мындан улам Албек Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылган", - дейт Сагынбаев.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
uli1234
2019-02-07 14:30:46
Атамбаевдин адамдары чочколор экен да тойгонун билбейле жей берген экен
+4
baisogur
2019-02-07 15:18:54
Туугандардан да ашып туштуго Атамбаевтин кадрлары
+4
Erik2018
2019-02-07 16:01:32
Атамбаевдин кадрлары ичип жегенден башка эмне кылганы белгисиз.
0
Azat.97
2019-02-07 16:13:39
Эмнеге ошол убакта айтып чыккан жок.
+10
zhaku2017
2019-02-07 16:24:20
Жээнбековторду чукуш керек. Чыныгы уурулар Жээнбековдун кошоматчылары болуп журушот. Сагынбаев Раим миилионго окшогон Жээнбекрвтордун ууруларын унутуп койдубу? Атамбаев Жээнбековторду бийлике алып келип эн чон ката кетирген. Жээнбековтордун тууганчыл, жердешчил бийлиги олкого жакшылык алып келбейт.
0
Erik2018
2019-02-07 17:46:41
zhaku2017, Жээнбековдор болбосо Атамбаевдин былык иштеринин бети ачылбай калат эле. Мына ТЭЦ, музей, жол айта берсе көп. Ошолордун баары бети ачылды.
+6
Taalai94
2019-02-07 18:46:29
zhaku2017,Раим миллион Атамбаевтин заманында деле болгон. Атамбаевтин заманында кыйла кучоп алган.
+2
Erik2018
2019-02-07 17:43:57
Биринчи Атамбаевди чукуш керек. Алты жылды мамлекетти сазга батырып, жалаң жеп ичкен адамдарды кызматка койду. Ишенген, таянган шоопур Икромду чоң кызматка койду. Ирас эле Атамбаев кетип Жээнбеков келгени жакшы болду. Антпесе миллиондун изи чыкпай, аткаминерлер абака кесилмек эмес.
+3
interpol
2019-02-07 17:49:51
ХХХ ХХХ сүткорлор, АШАнын келимичтери, Икрамы 150$ Албеги 250$ Шадиеви сан жеткиз доллар. Атын чоң тамга менен жазгың келбейт, атамбаевтин кылган жакшылыгы. ашаны чукусу 1000000$ жеген болуп чыгат. Элдин ырыскысын жеген ХХХ ХХХ ХХХ
+5
talas0707
2019-02-07 18:40:19
Чондордун баары окшош, азыркылар деле таптаза эмес.
+6
elchi84
2019-02-07 20:35:00
Ошого онукпойт экенбиз да .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан