Албек Ибраимов камакта калды

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Сотто Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында Биринчи Май райондук сотунун Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечими күчүндө калды.

Соттук отурум жабык эшик артында өттү. Сот Ибраимовдун апасы жана аялынан башка аны колдоп келген 100гө жакын адамга соттук отурумга катышууга уруксат берген жок.

Экс-мэрдин жактоочусу Сергей Слесарев соттук отурум мыйзам боюнча ачык өткөрүлүшү керек экенин айтты. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан