"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
"Менин атыма кыргыз почтасы аркылуу 2 бош кат келиптир. Бул эмнеси, кокуй? Шадиевден го десем жөнөтүлгөн жери Бишкек экен", - деп жазган Уланбек Эгизбаев өз билдирүүсүндө.
Уланбек Эгизбаев өтө чуулгандуу коррупциялык иштерди ашкерелеген бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жасап келгени менен таанымал.