Спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев 24-июлда өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шектүү учурда Орусиянын аймагынан изделип жатат.
"Абасовдун өлүмү боюнча иш жаңыланды. Жаңы версия боюнча жаңы план түзүлүп, ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Учурда шектүү адам Орусиянын аймагында качып жүрөт. Ал Кыргыз жараны", - деди ал.
Абдиев ошондой эле маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөөгө алынган Калыбек Элтуйбасов учурда АКШда жүргөнүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, эл аралык аренада Кыргыз туусун желбиреткен, кикбокс боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасов мындан 4 жыл мурун өз унаасында болгон жардыруудан каза болгон. 2014-жылы 27-мартта саат 18:00 чамаларында Токмок шаарынын 3-кичи районунда Тойота Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабас жарылган. Унаада Руслан Абасов жана анын аялы болгон, жардыруудан улам спортчу оор жаракат алып, ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
Ал эми 2014-жылы 10-мартта дайынсыз жоголгон Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.