Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөндөй тендер 10-августта жыйынтыкталмакчы.
Маалыматтык технология жана байланыш комитетинен кабарлашкандай, долбоор алкагында видеокамералар Бишкек шаарынын көчөлөрүнө, Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдыбар унаа жолуна жана "Манас" аэропортунун жолуна орнотулат.
Тактап айтканда, видеокамералар Бишкектеги жолдордун 18 кесилишине, Бишкек-Ош жолунун 61, 64, 71,5, 74,5,78, 146,3, 149, 153, 154,3, 160-чакырымына, Бишкек-Чалдыбар жолунун 61,6, 66, 67,3, 74, 78,2-чакырымына орнотулат.
Андан сырткары "Манас" аэропортуна барчу жолдун 9, 10,2, 13, 14,5, 22,5, 23, 27, 30-чакырымына, Бишкек-Кордай жолундагы Ленин айылындагы Ленин атындагы мектептин жанына орнотулат.