Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында жайгашкан пансионаттан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 18:20 чамасында келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана куткаруу кызматы тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кененирээк маалымат бериле турганын билдирди.