Сокулук районунда кытайлык ишкер Султан Мукашев аттуу Кыргыз жаранын сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 27-июлда ошол Кыргыз жаранын сабаган кытайлык ишкердин кафель чыгарган заводунда иштеген Жакшылык аттуу жумушчу кабарлады. Анын айтымында, заводдун башкы директору 27-июлга караган түнү 3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашевди себепсиз сабап, телефонун талкалап салган.
"Окуя түнкү саат 12лерден өткөндөн кийин болду. Завод 24 саат иштегендиктен түнкү нөөмөттө иштегендер тамак ичип жатышкан окшойт. Ошол учурда заводдун башкы директору 3-4 Кытай жараны менен келип тамак-аштарды чачып, котормочуларын "кайда жүрөсүңөр?" деп уруп, сыртка чыгып баратып телефон чукулап отурган жигитти бетке чапкылап, андан соң телефонун сындырып салган. Мына ошондуктан бүгүн андан кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылып митингге чыктык. Жалпы 200гө чукул адам чогулдук. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери келишти. Бирок директор сыртка чыкпай койгондуктан айрымдарыбыз анын иш бөлмөсүнө кирип бардык. Ал бизге "кечирим сурабайм" деп айтты. Себеби "мен урган учурда ал бала мени да урган, милицияга мен дагы арыз жазам" деди.
Андан сырткары айлык-акы боюнча дагы бир талап койдук. Анткени келишим боюнча 8 саат иштеп, 12 миң сомдон 18 миң сомго чейин айлык алуу каралса, биз учурда 12 саат иштеп жатабыз. Ошондуктан келишимди өзгөртүү керек болууда. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бизге жардам бере турган болушту", - деди завод кызматкери.
Кыргыз жаранын мас абалында уруп салды делген кытайлык ишкерден окуя тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек. Чүй ОИИББи дагы бул окуя боюнча маалымат бербей жатат.