Ош шаарынан Түркиянын Анталия шаарына сапар алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкекке конууга аргасыз болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Авиа Траффик Компани" компаниясынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү тастыктады. Маалым болгондой, бүгүн, 29-июль күнү эртең менен аталган компаниянын учагы 89 жүргүнчүсү менен "Ош" аэропортунан Анталияга учуп жөнөгөн. Бирок учак абага көтөрүлгөндөн кийин техникалык мүчүлүштүк пайда болуп, саат 9да Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон.
"Учак абага көтөрүлгөн соң дөңгөлөктүн жабылганы тууралуу атайын маалымат берүүчү баскычтардын бири күйгөн абалда туруп калган. Мындан улам командирдин буйругу менен учак Бишкекке кондурулду. Учурда жүргүнчүлөргө тамак берилип, баары мейманканаларга жайгаштырылды. Кечки саат 9да кайра Анталияга учуп кетишет", - деп билдиришти авиакомпаниядан.