Ысык-Көлдө таксист Орусиянын жаранын 7 жашар кызы менен кошо сабаган

Ысык-Көлдө Орусиянын жараны 7 жаштагы кызы менен кошо жергиликтүү таксисттен сабалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"29-июлда Санкт-Петербург шаарынын С.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 28-июль күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Орус жараны 7 жаштагы кызы менен Бостери айылынан Чолпон-Ата шаарына баруу үчүн таксиге түшкөн. "Жолду катар таксинин айдоочусу башка дагы жүргүнчүлөрдү алып жатты. Бирок мен шашып жатканымды айттым. Бирок ал орто жолдо унааны токтотуп мени жана кызымды сабады. Таксистке жолдо жүргөн жарандар да жардамдашты", - деп арызда айткан.

Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүүнү издөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ayida
2018-07-30 14:06:57
Орустарга катуу суйлоп койсон урушту дейт.Кол серпип суйлоп койсон урду дейт
+10
Rifle_I
2018-07-30 14:15:26
Конокту да урат беле ?
Кээ бир таксисттер ушундай, жолдон попуткаларды да ала беришет.

Орустун баарын жаман дебейм, арасында өтө жамандарын да көрдүм.
+12
aman0296
2018-07-31 14:08:47
Rifle_I,
0
Dalil
2018-07-30 14:22:27
Жолдо жүргөндөр да жардамдашса демек ошол деңгээлге жеткиргидей сөз сүйлөгөн.
+12
Snejana
2018-07-31 08:36:54
Dalil,мен дагы ошону ойлодум да. Ошого жеткирди болуш керек. Бир алакандан ун чыкпайт, экоонон тен кетти да. Тим эле апапакай болуп, заявление жазып койгонун кантесин. Орустарды билем да (албетте, беш кол тен эмес).
+3
tular
2018-07-30 14:30:51
Балким куноо озундо болгондур.
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-07-30 14:37:52
Жарандарда жардамдашса значить өзуңдө кунөө бар.Орусияда Кыргызга кылган орой мамилесин ошол жерде да көрсөткөн го!
+11
raykray
2018-07-30 14:38:01
Орусиянын жараны балким кыргыздыр, чогулуп алып сабашса катуу соз айткандыр, адамдар бут эле нервный асмандан тушкондой таксиге акча толоп отурса секунда жетсе башка адамды алганга кутконго сабыры жетпейт чыдамсызболуп баратызда
+7
monster_high_98
2018-07-30 14:43:25
Жон коймок беле,суйлонгон да,намысына тийип кетип жолдон тушуруп койсо,мени жолдон тушургон сенби деп кобуртуп , арыз жазып койгон,
+7
neizvesnyi
2018-07-30 18:04:40
Шашсан нормально акчасын берип 2×эсе 3× эсе коп толоп койсон коколотуп машинанын эшигин ачып отургузмак клиент алба десе жан кудай деп
-1
Medina87
2018-07-30 20:38:23
Таксистке салондун акчасын толук тологон учун жолдон адам алганына каршы болгондур менин оюмча.
Эгер ошондой болсо, анда таксист куноолуу, КЫРГЫЗ жараны болсо да!
+5
Mongol1155
2018-07-31 08:11:10
Ал таксист эмес. Шабашник. Окмотко салык да толобосо керек. Катуу жазалаш керек. Ач коздуктун айынан, ушундай болуп жатат.
0
Matahara1980
2018-07-31 08:37:21
Акмакго кызы менен сабаса, акчадан олгону калгансыган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан