Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 42 жаштагы юрист Александр Стручалинди издөө иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады. Анын айтымында, издөө ишин токтотуу Стручалиндин жакындарынын демилгеси менен болду.
"Александр Стручалинди издеп табууга күнүнө бир же эки куткаруу тобу тартылып жатты. Бирок натыйжа болбогондуктан жакындары куткаруу тобуна ыраазычылык билдирип, издөөнү убактылуу токтотууну демилгелешти. Эгерде кайрадан кайрылышкан болсо, издөө улантылат", - деди Шерипова.
Эскерте кетсек, 23-июль күнү Жети-Өгүз районундагы “Натали” пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин аттуу адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери башталган.
Маалым болгондой, Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштеп, азыркы экономика министри Олег Панкратов 2016-жылы вице-премьер-министр болуп турганда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, Стручалин сууга келинчегинин курбусун куткарам деп жатып чөгүп кеткен.