Орусияда 17 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп кетти. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя 29-июль күнү Сахалин облусунда жайгашкан Русское деп аталган көлдө болгон. Маалыматтарга караганда, Кыргыз жараны аталган көлгө чөгүп бараткан кызды куткарууга аракет кылып жатып өзү чөгүп кеткен.
Айрым ЖМКлар: "Жигит чөгүп бараткан кызды куткарганы менен өзү жээкке сүзүп чыга алган эмес. Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын сууда сүзүүчү шаймандары жок болгондуктан жана кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштерин күндүзгүгө калтырышкан. Бүгүн чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Сахалиндеги Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кырсык тууралуу маркумдун ата-энеси уга электигин жана анын сөөгү мекенине жиберүү үчүн даярдалып жатканын билдирди", - деп жазышууда.
Каза болгон жаран Ош облусунун 17 жаштагы К.уулу.Ж. аттуу тургуну болгон. Анын сөөгүн туулуп өскөн айылына жеткирүү үчүн болжол менен 90 миң рублдай каражат керектелет. Учурда Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бул каражатты чогултуп жатышат.