30-июлда Чүй облусундагы Скрябин мөңгүсүнө чыгып бараткан 7 Казак жаранынын үстүнө таш кулап жаракат алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, куткаруу иши 31-июль күнү эртең менен башталат.
“Аксай-Тревел” туристтик фирмасынын алдын ала берген маалыматына караганда, кырсык саат 13:00 чамасында болгон. Алар деңиз деңгээлинен 4 миң 100 метр жогору болгон Скрябин мөңгүсүнө чыгып баратышкан.
"Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги тарабынан Казакстандын ИИМ жетекчилигине кат жолдонду. ӨКМ алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору менен Казакстандын ИИМнин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитетинин ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр жана маселелерди тактоо жүргүзүлдү. Бирок кеч киргенине жана ал жакка тик учак менен гана барууга боло тургандыктан куткаруу иши 31-июлга жылдырылып, казакстандык туристтер ошол жакта калышты. 31-июль күнү эртең менен Казакстандын тик учагы куткаруучуларын алып туристтер калган жерге бара турган болушту", - деп билдирди ӨКМдан.