Чүйдө жол кырсыгынан жубайлар жана алардын 2 жаштагы баласы каза болду

Чүй облусунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 31-июлда саат 8:00 чамасында болгон.

"BMW жана Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Toyota Ist унаасын аял киши башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен унаадагы аял жана жанында бара жаткан анын күйөөсү кырсык болгон жерден каза болушкан. Ал эми алардын 2 жаштагы баласы ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынан улам ооруканада чарчап калган. Ал эми BMW үлгүсүндөгү унаада кимдер болгону тууралуу маалыматтар такталып жатат. Ал боюнча маалыматтар берилет", - деди аталган башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RuslanaG1
2018-07-31 13:23:53
Опкосу жок BMV катуу айдады да сен кичинекей Ist мен BMV кайын журтум кыйын деп
+2
Kychtyy
2018-07-31 13:37:10
RuslanaG1 билип билбей эле туш жоорубачы сураныч. Кудай билет ким куноолу экенин. Балким аял рульду башкара албай озу сузгондур. Жон эле телефондун аркасында жатып алып комент жаза берген мода болдубу не билбейм. Окшошсо окшошбосо деле жаза беришет тоба.
-1
BarsBaatyr
2018-08-02 20:21:36
Kychtyy,эмне болсо да RuslanaG1 дин жазганы туура болуп чыкты.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан