Чүй облусунда 6 айдан бери жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жүргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 10-май күнү ИИМге жеке ишкер кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар Токмок шаарындагы дүкөнүнө келип, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп тааныштырып, ур-токмокко алабыз деп коркутуп, 2017-жылдын күз мезгилинен бери опузалап акча талап кылып келишкен.
"Жаранды опузалап акча талап кылып жүргөн адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун тургундары - 1987-жылы төрөлгөн У.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон,1993-жылы төрөлгөн Б.М. камакка алынган. Кылмышка шектүүлөр ИИМде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары катталган", - деп жазылат маалыматта.
Шектүүлөр СИЗО-1ге камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.