Орусиянын Москва облусунда жайгашкан Люберцы шаарындагы курулушта иштеген Кыргыз жана Өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып Кыргыз жараны каза болгону маалымдалган. Маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги тастыктап, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын бүгүн, 31-июлда кабарлады.
"Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган маалыматы боюнча, Кыргыз жараны - А.уулу.А.нын каза болушуна жаңжал учурунда бийиктиктен кулаганы себеп болгон. Азыркы учурда Кузьминск райондук тергөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул окуяга тиешеси бар делип Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө. Сурактын жыйынтыгынын негизинде кылмыш ишин козгоо чечими каралат. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жиберүү 31-июлга пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 28-июлда Орусиянын Люберцы шаарында курулушта иштеген жумушчулар өз ара уруша кетип, Кыргыз жараны каза болгонун билдирген эле.