Ысык-Көл облусунда эки адам көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-август күнү саат 20:30 чамасында Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында 1977-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштерин ӨКМнын №31-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшүп, саат 21:55те маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошондой эле кырсык Балыкчы шаарында 1-август күнү саат 00:50дө "Сейил" кум жээгинде 23 жаштагы Б.А. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 01:50дө ӨКМнын Балыкчы шаардык №19-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Саат 02:17де издөө иштери натыйжа болбогондуктан токтотулду.
Издөө иштери 2-август күнү улантылат.