2018-жылдын 3-июлунан 1-августка чейин коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 255 миллион 500 миң сом каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги тараткан билдирүүдө көрсөтүлөт.
Маалыматка караганда, бул Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан которулган каражаттын жалпы суммасы.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети атайын эсепке 132 миллион 71 миң 621 сом которсо, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Башкы прокуратура 59 миллион 326 миң 897 сом которсо, ал эми Ички иштер министрлиги 533 миң 100 сом которгон.
SUPER.KG порталы ар бир мекемеге байланышып, бул каражаттар кайсы кылмышты ачуунун негизинде, кандай коррупциялык схемаларды жабуунун эсебинен өндүрүлгөнүн сурады. Бул суроого ИИМден башкасы ал маалыматтар айтылбай турганын билдиришти.
Эң көп каражат которгон УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мындай маалымат айтылбайт десе, Башкы прокуратура бул каражаттар бир эле иштен эмес экенин, түшкөн каражаттын жалпы суммасы гана айтыларын билдирди.
Бир ай аралыгында эң аз каражат которгон Ички иштер министрлиги аталган эсепке которгон акча эмненин негизинде экенин айтып берди.
Маалыматка караганда, "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык филиалынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 533 миң 100 сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул иш Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабын аныкталып, каражат казынага кайтарылган.
Айта кетсек, өкмөт коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачкан.