1-сентябрь ишемби күнүнө туш келгенине карабай өлкөдө билим күнү белгиленет. Бул тууралуу Билим берүү, илим жана туризм министрлигинен маалымдады.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2018-2019-окуу жылында мектептердеги билим берүү 5 күндүк болуп бекитилген.
"Быйыл өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде майрамдык линейка жана класстык саат 1-сентябрда белгиленет. Ал эми окуу 4-сентябрда башталат. Өкмөттүн бекиткен 5 күндүк окуу планына ылайык, 1-сентябрь ишемби күнгө туура келгендиктен бул күн 3-сентябрь менен алмаштырылган", - дейт басма сөз кызматы.