Бүгүн, 5-августта Бишкектен Анталияга учкан А320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортунан учуп чыккандан кийин 3 мүнөттөн соң конууга аргасыз болду. Бул тууралуу SUPER.KG´ге "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Анын айтымында, "Авиатрафик" компаниясына тиешелүү учак эртең мененки саат 7:46да абага көтөрүлгөн.
“Учак абага көтөрүлгөн соң анын кыймылдаткычтарынын бири жакшы иштебей, конууга аргасыз болгон. Бортто 111 жүргүнчүдөн сырткары 6 экипаж мүчөсү болгон. Учурда жарандык авиация агенттиги тарабынан окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Ал эми жүргүнчүлөргө компаниянын кызматкерлери тарабынан ысык тамак берилип, мейманканаларга жайгаштырылган. Каалоочулар өз үйлөрүнө кетишкен”, - деди маалымат катчы.
Бүгүн кечки саат 21:00дө Бишкек-Анталия багыты боюнча башка учак учарын кошумчалады маалымат катчы.