Мавлян Аскарбеков: "Маселе мэрлерде эмес, маселе ошол паракор менен ууруларга калпак кийгизип, чапан жапкан депутаттарда" (стенограмма)

Бүгүн, 6-августта "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү. Анда жарандык активист Мавлян Аскарбеков Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттарын таратуу керектигин айтып чыкты.

Анын сөзү толугу менен:

"2010-жылдан бери шаарыбыздын коомдук транспорт маселесин көтөрүп келе жатабыз. Мэр болгон Өмүркулов, Кулматов, Ибраимов бул маселени тез арада чечебиз деп айтышкан. Болуп жаткан жол кырсыктарынан ондогон, жүздөгөн эмес, миңдеген шаар тургундары жабыр тартууда. Сиздер, шаардык кеңештин депутаттары, коомдук транспортко байланышкан, курулуш жана башка тармактагы коррупциялык иштерге аралашкансыздар.

Маселе мэрлерде эмес, маселе ошол паракор менен ууруларга калпак кийгизип, чапан жапкан депутаттарда. Алмаз Муканович (ред. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев), андай эмеспи? Мына сиз Түлеев менен иштешип, Өмүркулов, Кулматов, Ибраимовго калпак кийгизбедиңиз беле? Маселе мына ушунда.

Ошол себептен мыйзамды өзгөртүп же ага толуктоо киргизип, шаардык кеңешке ууру, паракор жана бизнесмен эмес, абалга жараша аракет кылбаган депутаттардын келишине шарт түзүшүбүз керек. Алар мэрдин жана мэриянын ишин көзөмөлдөп тескей турган болушу шарт. Качанкыга чейин ушундай шаарда жашай беребиз?

Эмне үчүн шаарды басып алган бизнесмен, паракор жана уурулардын бир уучу жыргап жашайт да, алардын айынан карапайым калк, анын ичинде мен, балдарым, кошуналарым азап тартышы керек? Же андай эмеспи? Мен кайсы депутат канча маршруттук таксиге ээ кылып, канча маршруттук каттамды басып алгандыгын так айтып бере алам. Сиздерге да бийликтин жоопкерчилиги жетип, ар ким өз жазасын аларына ишенем. "10,15, 20 жылдап депутат болуп отурабыз, эч ким тийбейт" деп ойлобогула. Бүгүн эки мурдагы өкмөт башчы камакта кармалып отурат.

Буга чейин да айткам, президент менен болуп өткөн жолугушууда да билдиргем. 2019-жылы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерин таратыш керек. Шайлоо учурунда мандат алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүүсү шарт. Мурдагы аткаминерлердин, байлардын балдары эмес, шайлоого бардыгы катыша тургандай болушу керек. Биз шаарыбызды өзгөртүшүбүз керек. Паракор, бизнесмендерден тажадык. Эгерде алар өз жоопкерчилигин сезбесе, бийлик аларды жоопкерчиликке тартуусу керек. Бүгүн мыйзамды өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу сүйлөшүп, 2018-жылы аны кабыл алып, 2019-жылы шаардык кеңештерди таратып, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине шайлоо өткөрүү зарыл. Ошондо 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо таптакыр башка багытта болот", -
деди Аскарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
take1984
2018-08-07 03:40:49
Таркатса деле баягылар байлар барат
0
Flowhive
2018-08-07 08:59:36
Мэрди эл шайлаган керек
0
derzkiy3
2018-08-07 09:52:18
Мэрге ишениш жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан