Мэрлерге чапан, калпак кийгизүү жөрөлгөсү токтоду. Белекке калем сап алган Азиз Суракматов

Бишкек шаардык кеңеште жаңы келген мэрге ушуну менен салтка айланган чапан, калпак кийгизүү жөрөлгөсүнө чекит коюлгандай. Себеби бүгүн, 8-августта Бишкек мэри болуп шайланган Азиз Суракматовго шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев калем сап белек кылды.

Буга чейин жергиликтүү кеңештерди түз шайлоо боюнча талкууланган жыйында жарандык активист Мавлян Аскарбеков шаардык кеңештин депутаттарына, Алмаз Кененбаевге карата ачуу сындарды айткан.

"Маселе мэрлерде эмес, маселе ошол паракор менен ууруларга калпак кийгизип, чапан жапкан депутаттарда. Алмаз Муканович (ред. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев), же андай эмеспи? Мына сиз Түлеев менен иштешип, Өмүркулов, Кулматов, Ибраимовго калпак кийгизбедиңиз беле? Маселе мына ушунда", - деген Аскарбеков.

Ошол эле жыйында Кененбаев мындан ары жаңы мэрлерге чапан, калпак кийгизүү токтотуларын билдирген.

Айта кетсек, бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер Азиз Суракматов шаардык кеңештин 43 депутатынын колдоосу менен Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен жалгыз депутат каршы добуш берди, 1 депутат отурумга катышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2018-08-08 13:28:32
Жүрөт экен да эми шаардын жактарын эль деп
+3
bond
2018-08-08 13:57:09
2-класстын кыргыз тил китебин белек кылбаптырда туура жазышты,окууну уйрон деп.
+10
toktor89
2018-08-08 22:27:09
1-класстын Алипесин даярдап койдум бир куну белек кылам
+1
Ermekbai
2018-08-08 14:13:36
Бишкек шары туулгамын деп мэр болду 1-класска барган балада буга караганда таза сүйлөйт
+3
Sahka
2018-08-08 15:27:01
Депутаттар эмээс жепжутаттар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан