Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде 5 кабаттуу эт комбинаттын 5 миң чарчы метрге жакын аянты күйүп кетти. Учурда өрт өчүрүү аракети улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргыновдун айтымында, өрт түнкү саат 2-3 чамасында чыккан болсо, өрт тууралуу маалымат министрликке саат 4:53тө гана келип түшкөн.
"Бизге саат 4:53тө чакыруу келип түшкөн. Алгач кырсык болгон жерге бир гана өрт өчүрүү унаасы келген. Бирок имараттын күйүп жаткан аймагы чоң экендиги билингенден кийин кошумча 4 топ чакыртылган. Учурда 5 миң чарчы метрге жакын аянт күйүп кетти. Өрттөн чыккан түтүн коюу жана уулуу болгондуктан иштөөгө тоскоолдук кылууда. Ар бир кабаттын аянты 2-3 миң чарчы метр экен. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам келип чыккан", - деп билдирди Чаргынов.