Учурда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө болжолдуу түрдө 20-22 жаштагы азиат түспөлүндөгү бала эс-учу жок абалда жатат. Анын аты-жөнү белгисиз болгондуктан, сүрөтү интернетке жарыяланып, жакындары изделүүдө. SUPER.KG'ге 9-августта Улуттук госпиталдан кабарлашкандай, бала ооруканага 8-август күнү "Тез жардам" унаасы менен алынып келген. Жанында аты-жөнүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, ким экендигин аныктоо кыйынчылык жаратууда.
"Аты-жөнү белгисиз болуп жаткан адам Улуттук госпиталга 8-август күнү "Тез жардам" кызматынын унаасы менен алынып келген. Азыр жандандыруу бөлүмүндө эс-учу жок абалда жатат. Жакындарын издеп сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин бир адам байланышка чыгып, сүрөттөгү бала иниси экенин айтты. Бирок баланын аты-жөнүн айткан жок. Бизге келе турганын айтып телефонду өчүрүп койду", - деп билдиришти Улуттук госпиталдан.