"Коопсуз шаар" боюнча жарыяланган тендерди жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.
"Тендердик документтер менен иштеген жумушчу тобу бар, анда мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү, коомдун өкүлдөрү жана депутаттар бар. Ошолор тендердик документтерге өзгөртүү киргизген. Мыйзам боюнча документке өзгөртүү киргизилген соң тендерге катышам деген компаниялар өзгөртүү менен таанышуу үчүн убакыт берилет. Ошол себептен тендерди ачуу мөөнөтү жылдырылып, 23-августка белгиленди", - деди Аматов.
Документке төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:
Тендерге катышкан компания тендерге катышкан күнгө чейинки 3 жыл аралыгында чыгым болгон же чыгым болуу алдында турган компания болбошу керек;
Катышкан компания маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында 10 миллион доллардан кем болбогон кызмат көрсөтүүлөргө катышкан болушу керек;
Катышкан компания видео, фото көзөмөл кылуу долбоорлорунда иштеген тажрыйбасы бар же жогуна каралат;
Катышкан компания бааны кыргыз сому менен жана чет өлкөнүн валютасы менен көрсөтсө болот. Тендерди жыйынтыктаган күнү Мамлекеттик сатып алуулар порталы ошол күнкү Улуттук банктагы сомдун курсу менен эсептейт.
Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялап, тендер 10-августта жыйынтыкталмак.