УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан ооруканага которулду

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан Улуттук онкология борборуна которулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, соттолуучу бөйрөк оорусуна байланыштуу ооруканага которулган.

Ал соттолгонго чейин эле ооруп келген экен. Акыркы убакта №47-түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан. Анын ооруканага которулганына бир апта болду. Учурда ал кайтаруу алдында дарыланууда, ооруканадан качан чыгары белгисиз”, - деди Сабатарова.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolik777
2018-08-15 11:05:06
Бийлик мансабын дурайын, кечээ эле журду эле чакайып площадда ар турлуу колу менен онор коргозуп.
+1
RNA78
2018-08-15 11:17:47
"Соттолгонго чейин эле ооруп аткан эле" - деп, УКМК жетекчилигине зордоп эле дайындап койгондой суйлойт го Сабатарова. Ооруп атса ишини мурда тапшырып бериш керек эле.
-1
bond02
2018-08-15 11:24:19
Бул киши УКМКда иштеп жургондо силер бул кишиге жакындаштан коркуп журсонор керек эле, дагы мурда эле ооруп журчу эле дегендерине куйосун да.
-2
tursunbaev78
2018-08-15 12:11:08
Эртең ооруусуна байланыштуу актап койсоңор таң калбайм,бизде адатка айланып калды бул нерсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан