Өзбекстан Барак анклавын алып, Кара-Суу району тараптан жер бергени жатат

Өзбекстандагы Барак эксклавы Кыргыз өлкөсүндөгү ошол сыяктуу аймакка алмаштырылышы айтылууда. Бул тууралуу азербайжандык "Интерфакс" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган маалыматты Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов билдирген.

"Барак эксклавына барабар болгон Кыргыз өлкөсүндөгү жер тилкеси Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагы менен чектеш жайгашкан. Жер боюнча бардык протоколдор түзүлгөн. Эки өлкө президенттеринин аталган ратификацияга кол коюусу калган. Барак эксклавынын жашоочулары чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктардан тажаганы үчүн аталган чечимге макулдугун беришкен", - деп жазган "Интерфакс".

Ошондой эле аталган жер алмашуу кадамы эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында жасалууда.

Маалыматтарга караганда, Барак эксклавы Өзбекстан аймагында калган Кыргыз өлкөсүнүн жалгыз аймагы. Анын аянты 230 гектарга барабар болуп, мамлекеттик чек аранын аймагынан 5 чакырым ичкериде жайгашкан. Ал жерде ондогон түтүн үй-бүлө жашай турганы айтылууда.



Өзбекстан Ош облусундагы Барак анклавын алып, ордуна башка жер бериши мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Istina1000
2018-08-15 11:37:01
Эххеееей... Чек ара десе журок ооруйт
+3
Erik2018
2018-08-16 10:57:46
Istina1000,Барак эксклавы эзелтен эки мамлекет чек ара боюнча тактоолорду жүргүзө баштагандан бери эле абдан көйгөйлүү маселе болуп келген. Ал жерде өтө аз эле түтүн калганы айтылбадыбы. Эгер чыны менен ушундай болсо, аны башка жер тилкесине алмаштыруу туура эле болот. Негизи жер алмаштыруу практикасы дүйнөдө кеңири жайылган тажрыйба. Ошондуктан алмаштырылуучу жерлердин аянты, сапаты, шарты боюнча эки тарапка тең пайдалуу чечим кабыл алышса, анда абдан жакшы болот. Барак өзү Фергана өрөөнүндөгү
+1
Erik2018
2018-08-16 10:58:18
Istina1000, Элге да ыңгайлуу эле болмок. Барак айылында азыркы күнү 25 гана үй-бүлө калган. Калганы башка жакка көчтү. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Беш-Капа деген участкасынан 151 адамга жер берилген. Ошондой эле, Билгелди айылына да жер тилкелери берилген. Көчкөндөр көчүп кетишкен.
0
Erlan_95
2018-08-15 11:40:07
Жок мен каршымын барак анквавын ачпаш керек ал жердеги озбектерди кысыш керек ачсак жыргап калышат
+4
bond
2018-08-15 12:47:27
Erlan_95,сен не дегенини тушундунбу озун ал жер Озбекистандын ичиндеги кыргыздын жери болуп жатса кантип озбектерди кысат, бул бир гана алмаштыруу жолу менен чечилет болбосо Кыргызстан менен катнаш узулуп калган учурлар коп болгон бул айылда, эл тажап буткон. Жерди алмаштырса эле саттып жиберди деген тушунук бар учун эч кайсы чиновник чечкиси келбейт чек ара маселесин. Бардык анклавтарды алмаштыруу керек ошондо гана чечилет чек ара маселеси.
+1
CEO1
2018-08-15 15:22:39
bond, Озбекистан корридор берсин...

Сох, Барак ж.б.анклавдарга Кыргызстан жол берип отурат го. Болбосо бардык жолдорду тосуп тумчуктуруп салса болот эле го... Пусть корридор берсин аларга...
0
bond
2018-08-15 22:17:12
CEO1,Сох-анклав,Барак- эксклав. Барак кыргыздын жери Озбекстандын территориясында,Сох озбектин жери Кыргызстандын территориясында.
+1
Natun
2018-08-16 11:04:01
Erlan_95,Чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча кыпындай тушунугу жоктор ар нерсени жаза бербегиле
+2
Nanei
2018-08-15 11:52:33
Биротоло ош жалал абадды кошуп бергиле да анча болду,баткенди тажиктерге,таласты казактарга,,ыссык кол нарынды кытацларга боолду анан жашоо онолот.элдин туйшугу деген маселе жоголот.
+9
bakytkg007
2018-08-15 12:17:56
Картада барак кыргыз тарапта туратко
+7
kairhai
2018-08-15 15:28:06
Ооба түшүнүксүз болуп калыптыр!
+2
akylbekkg
2018-08-15 12:28:00
Туура чечим! Озбекстандын ичинде да биздин айылдар бар ошолорго алмашып элге женилдиктерди тузушсо жакшы болмок
-3
ikitaidesu
2018-08-15 12:33:04
Неме курсактар чечим чыгарып болду окшойт. Туугандар алданбайт...
+3
baisogur
2018-08-15 12:58:12
Картадагы жерлер озбектерге отуп кеткен отмаска кылып чек араны туура эмес чийгенби
+1
Zhoro
2018-08-15 13:01:35
Шаймерден тууралуу да маалымат алгылачы эл оозунда озбекистанга арендага берилген боюнча анклав болуп калганы чынбы
+4
Adi.Avazbekov
2018-08-15 21:51:55
Zhoro,shaimerdendi podarka kylyp jibergen ozbek prezidentine ubagynda
0
Toxa_bratan
2018-08-15 13:04:38
ОШ КАРА СУУ АКТАШ МЕНИН АЙЫЛЫМГО
-2
baisogur
2018-08-15 13:07:27
Супер инфо картадагы суротто биздин аймакта жайгашкан эмнеге озбек тарапка отуп кеткенин тактап бергилечи сураныч???
0
baisogur
2018-08-15 13:10:25
Супер Барак анклавы Озбектерге караштуу жерби же биздин жерби толук тушуно албай жатам
0
admin_media
2018-08-15 14:45:37
baisogur,baisogur,Zhoro, саламатсыздарбы. Сунуш-сурооңор тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
BekAmir
2018-08-15 15:35:13
Мен каршымын. Элдин башын айлантпагыла...
0
Tolik777
2018-08-15 15:51:12
Туура чечим, ансыз деле озбектер оздору ээлейт. Андан кору жер алмашсын.
0
Dalil
2018-08-15 15:51:22
Анклавка анклав алмаштырсын. Ал анклавдагы элдер өз өлкөсүнө өтүшүн талап кылсын. Баракты Сох анклавына алмаштырып Сохтогу тажиктерди өзбекстанга көчүрүлсө гана алмаштыруу керек. Эгер Кара-Суудан жер берилсе чектен 10 метр өтүп казып салат адатына алып алар.
+1
nuru95kg
2018-08-16 11:36:24
озбекстан аймактагы кыргыздар откондон кийн кыргызстан жаран катарына откоруу зарыл !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан