Бүгүн, 15-августта Жогорку Сотто Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып жатат.
Соттук отурум жабык өтүүдө. Жогорку Соттун имаратынын алдына Ибраимовду колдоп анын 60-70ке жакын тарапташтары чогулган.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.