Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын райондук сотто Айбек Эрнис уулу карап жатат (сүрөт)

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароо үчүн аны Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Ал сот залына кирип кетти. Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы соттун чечиминен кийин билинет. Анын ишин сот Айбек Эрнис уулу карап жатат.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Бүгүн премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.

Албек Ибраимовду сот залына алып кирип кетишти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан