Албек Ибраимовду кармоо учурунда анын жан сакчылары менен жумушчулары сабалган эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 20-июлда кабарлашты.
"Арашан айылынын айрым тургундары ЖМКларга билдирип жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Анын жан сакчылары УКМК кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө да үлгүрүшкөн эмес", - деп билидиришти УКМКдан.
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда Арашан айылындагы үйүнөн кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 20-июлда SUPER.KG'ге аталган айылдын тургундары Албек Ибраимовду УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери күч колдонуп алып кетишкенин айтып беришкен. Алардын бири Сабырбек Алкыштиевдин айтымында, атайын даярдыктагы кызматкерлери Ибраимовду кармоо үчүн анын жан сакчыларын жана жумушчуларын сабап салган. Алардын бири оор жаракат алып, ордунан тура албай калган болсо, айрымдары жеңил жаракат алган.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынын кармалган. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 29-августка чейин тергөө абагында калтырды.
13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Тиешелүү токтомго премьер-министр 19-июлда кол койгон.