"Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы мыйзам чегинде карлган жок", - деп бүгүн, 20-июлда Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев SUPER.KG порталына билдирди.
"Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине макул эмеспиз. Соттук отурум Жазык-процесстик кодекстин нормаларын бузуу менен өттү. Биз 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылабыз. Ошондой эле мыйзам боюнча соттук иштер ачык өтүшү керек. Журналисттерди, Ибраимовдун туугандарын соттук отурумга киргизбей койгону мыйзамга каршы келет", - деди жактоочу.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалган.
13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.