Ноокенде тургундардын президент менен жолугушууга аракет кылганы үчүн жоопко тартылганы териштирилет

Ноокенде тургундардын президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аракет кылганы үчүн жоопко тартылганы териштирилет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.

Стамалиева сот тарабынан айып пулга жыгылышкан болсо, акчасы кайра төлөнүп бериле турганын белгиледи.

"Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздарын мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар карап чыгат. Эгер президентке тийиштүү болсо, президенттин аппараты жооп берет. Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги да жергиликтүү тургундарга карата милиция кызматкерлеринин бул чечими боюнча териштирүү иштерин жүргүзөт", - деди Стамалиева.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-август күнү Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөргөн. Бирок Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылынан келген 5 аял тизмеде жок болгону үчүн жолугушууга кире албай калган. Милиция кызматкерлери аларды шаардык милиция бөлүмүндө 5 сааттай убакыт кармап отуруп, кийин Ноокен райондук сотуна алып барган. Райондук сот Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 371-беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирине 500 сомдон айып пул салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bond02
2018-08-18 23:42:49
Аялдарды киргизбесе анда ким менен жолугушканы келди экен?
+7
Rifle_I
2018-08-19 23:37:58
bond02,алдын ала тизмеге жазылган окшойт. Тизмеде жок болгонуна байланыштуу киргизбей койгон деп турат.
0
RusMos76
2018-08-19 00:31:34
Базар- Коргондогу окуя кайталанбасын десе керек да.
+3
Dalil
2018-08-19 07:01:11
Айып пулун эле кайтарып бербестен моралдык чыгым да төлөп берсин!
+4
Rifle_I
2018-08-19 23:38:19
Dalil,
500 сомго бир нөл кошуп төлөсө жетеби ?
-1
TalaCSKA
2018-08-19 09:49:40
Борк ал десе баш алган кошоматчылар экен да!
+1
Tunerbei1812
2018-08-19 10:04:11
Кыргызстанды ушундай борк алгычтар талкалап жатат. Эми ушуну президент эл менен жолукту кайсы ооздору менен сайрап жатышат.
+1
anonymous
2018-08-19 10:27:36
Негизи туура эмес жолугам деп чогулуп алып талап койо берген.Анда мен дагы талап кылам Жээнбеков мага жолугуп кетсин.
-5
Beck_13
2018-08-19 11:07:03
anonymous,"Анда мен дагы талап кылам Жээнбеков мага жолугуп кетсин."
-5
CEO1
2018-08-19 11:50:32
Куноонун баары Сокенин озундо, калп эле эл менен жолугам деп алып, озунун кошоматчы, куйруктары менен учурашып эле кайтты...

Теледен болсо эл деп, жергиликтуу бийлик кызматкерлерин корсотуп койду, арасында карапайым элден эч ким жок...

Озунор ойлогула, Ноокен, Базар-Коргон деген 2 чон райондон, анан калса Кочкор-Ата, Майлу-Суудан баары биригип 400 адам менен жолукса Соке, ошол 400 адам жергиликтуу бийлик окулдору болсо, ар айыл окмоттон 23 кишиден чогулган.
+5
CEO1
2018-08-19 11:54:50
Дагы Соке иштейт имиш, Соке элден качып журсо каякка иштейт?!! Озунун башы жетпедиби, 350-400 мин эли бар 2 ири райондун элинен 400 кишиге гана учураймбы, эч болбосо стадиондо эл менен учурашсам болбойбу деп... Тизме менен киши киргизгени, карапайым эл арасынан келишип, "неудобный" суроолорду беришпесин дегени эмеспи Сокенин?!

Соке, Соке дейсинер, мына силерге Сокенер! Дагы азыр "дужурлор" жок, Соке эл менен учурайт деп сайрап жатты эле Сокенин арыгын чапкандар..
+1
TalaCSKA
2018-08-19 12:36:09
anonymous,талап кылганга укугун бар бирок жанагы бирок деген соз барда милисия деген
+2
Jelezo
2018-08-19 14:00:00
Президент, премьер министр,бийликтеги чиновниктер эл менен жолугушканда имаратта эмес стадион же болбосо эшикте эле жолугушса болмок ошондо накта чындыкты угушмак болбосо балык ооз адамдарды топтоп эл көзүнө жолугушу болду деп айта беришет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан