30-июнда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваза” туристтик аймагында өзүнүн 56 жашка толгонун белгиледи. Анда дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары ачык асман алдында концерт берип, түркмөн башын куттукташты. Коноктордун алдына алгач ырчы Филипп Киркоров чыгып ырдап, президентти түркмөн тилинде куттуктады. Ошондой эле өлкө башчыны жылдыздар Сати Казанова, Ани Лорак, Мустафа Сандал, Нанси Аджрам, “Рефлекс” тобу куттукташты. Кеченин кульминациялык бөлүгү болуп дүйнөгө белгилүү поп ырчы Женнифер Лопестин Гурбангулы Бердымухамедовду куттуктап, “Happy birthday, mister president” ырын ырдаганы болду. Белгилей кетчү жагдай, Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы кесиптеши Сапармурат Ниязовго караганда заманбап ырчыларга дээрлик чоң басым жасайт.