Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болду

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынды.

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп финалга чыккан. Анда Тыныбекова 2017-жылдын Дүйнө чемпиону монголиялык Оркхон Пуревдорж менен кез келди. Беттештин 1-бөлүгүндө монголиялык балбан 3:0 эсеби менен алдыга чыккан. 2-бөлүктө Пуревдорж дагы 8 упай алып, жалпы 11:0 эсеби менен жеңишти илип кетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болду

Бул салмак ченинде коло медалдарды япониялык Каваи Рисако жана түндүк кореялык Жонг Сим Рим тагынды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда түндүк кореялык Жонг Сим Римди, чейрек финалда кытайлык Руи Хюну жана жарым финалда индиялык Сакши Маликти утуп алган.

Муну менен Кыргыз капчыгында 2 медаль болду. Мелдештин алгачкы күнү эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Магомед Мусаев күмүш медаль тагынганга үлгүргөн.


кошулду
Жайкы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова-Оркхон Пуревдорж (Монголия)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
aszyma
2018-08-20 20:10:30
Айсулуу өзү Күмүш көп алат.
-7
Rasul94
2018-08-21 07:28:38
aszyma,бирок сен экообуздо
алюминий медаль да жок э
+4
Rasul94
2018-08-20 20:14:59
Таазим сага Айсулуу. Алла ыраазы болсун. кудайдын улуу кунундо
бизге жениш тартууладын бар бол карындаш.биз сени менен сыймыктанабыз
+11
Farra16gsin
2018-08-20 20:28:39
Азаматсың Айсулуу алга алтын али алдыда
+9
zhaku2017
2018-08-20 20:34:22
Азаматсын жараткан Тенирим куч берсин.
+2
Matahara1980
2018-08-20 20:38:35
Молодец Айсулуу, Сакши Малик менен олимпиадада беттешти беле жанылбасам
+2
Jazhoo-soonun
2018-08-20 20:43:08
Азаматсын!Айсулуу.кудайым ар дайым жолунду ачык кылсын.
+7
interpol
2018-08-20 20:46:59
Айсулуу өзү күмүш кызда күмүш!!!
Азаматсың Кыргыздын наамысана жаралган кызсың. Кыргыз калкым баарыңыздардын эртеңки ыйык курбан айт майрамыңыздар менен!
+7
asash
2018-08-20 20:50:35
Азаматсын Айсулуу, ийгилик али алдыда мен алтын алып, келип турмушка чыгып бактылуу жашап, тренер болсо деп тилейт элем, азыр да, молодца, умница, красавица, эми бир алтын алып турмушка чык, олимпиададан алганында сонун болот эле, ийгилик сага, сыймыктуу карындашым!!!!!!
+8
Elaigun1991
2018-08-20 20:56:44
Айсулуу аракеттин кучтуу болуптур , мыкты оюн корсото алдын , Манголка бир аз тукум фигурсында болгон себеп колдон чыгып кетет экен , Кыргыз эли сыймыктанат сени менен дагыда болсо ийгиликтер алдыда кутуп турган чыгаар ,
+4
zhykyo
2018-08-20 21:53:33
Алтын кутком бирок кумуш да жакшы
+2
Kgda
2018-08-21 00:04:04
Бай бай шумдуко Монгол кыз Айсулушкага мумкунчулук бербей 11-0 утса не дейбиз, анан Оркхонго бали дештен башка арга жок бизде. Айсулуу копту умутондурдун эле умутумду актабадынго.
-5
Meni_unut
2018-08-21 01:42:59
Ушул кыз молодец!!!!Алга!!!Кумушго жетпегендер канча
+2
barsbegKG
2018-08-21 01:47:31
Айсулуу азаматсың!!! Алтын ала албасаң да биз сени менен сыймыктанабыз супер силерден сураныч медалдар боюнча ким канчанчы орун тизме менен жаңылыктарга жайгаштырып турсаңар сонун болмок!
+1
33SUUN
2018-08-21 12:34:29
Анча мынча депутат чиновниктерге караганда сенин Кыргыз элине кылган эмгегин жогору.Айсулуу!
+1
Rasul94
2018-08-21 15:26:31
33SUUN,создун алды болдун
0
BarsBaatyr
2018-08-21 14:32:00
Капа болбо Айсулуу, финалга чыкканыңдын өзү чоң жетишкендик.Мындан кийинки беттештериңде сөзсүз алтынга жетесиң,сага ишенебиз.Күмүшүң кут болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан