Башкы штаб: "Бир колунан ажыраган жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип, токко тартылган"

Сүрөт жабырлануучунун жеңеси Венера Өмүралиеванын уруксаты менен жарыяланды Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунуп, бир колунан айрылган. Бул боюнча Башкы штаб SUPER.KG'ге 22-августта түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жоокер тыюу салынган белгилерге карабай электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко тартылган. Натыйжада эки колунун учтары күйүп кеткен.

"Кызматтык иликтөөнүн алдын ала маалыматына караганда, 1996-жылы туулган Р.С. аттуу жоокер бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип алган. Тыюу салынган белгилерге карабай кирип кетип, трансформаторго кирип, токко тартылган. Натыйжада жоокер эки колунан жаракат алып, Майлуу-Суу шаарындагы ооруканага, андан кийин Ош шаарындагы ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна которулган. Ал жерде оң колунун чыканагына чейинки бөлүгү ампутацияланган. Учурда жоокер бардык керектүү медициналык жардамдарды алууда. Андан сырткары иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жиберилди", - деп билдиришти штабдан.

Жоокердин жеңеси Венера Өмүралиева 21-августта кайрылып, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылганын айткан. Ошондой эле жоокер кыйынчылыкта жашаган жалгыз бой эненин жалгыз уулу экенин кошумчалаган.

Жалгыз бой эненин жалгыз уулу аскерде токко урунуп, бир колунан айрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
vikidiki
2018-08-22 16:38:40
Албетте жоокер озу кунолуу болуп чыга келет да. Эмне силерге чан да жукмак беле! Америку открыли прям!
+1
Dalil
2018-08-22 17:49:04
vikidiki, анан эмне алар көмөк чордонго алып кирип токко урдурду дегени турасынбы? Ал балдар бакчасындагы бала болсо анан айтсаң жарашмак.
-2
vikidiki
2018-08-22 22:43:27
Dalil,Чындыгында кандай болгонун ким билет. Бирок буга чейинки билдируудо тозулбаптыр кооптук трансформатор деп турган. А кайра ондомуш этип, жабырлануучуну куноолуу кылып маалымат таратышты. Ошону айттым кандай болсо дагы акталып кетише. Олтуруп алышса"асынып алыптыр"дегендей. Анча эмне куйдун, сенин бирдемен кетип атабы? Унчукпай отуп кете бер да ХХХ.
+1
bond02
2018-08-22 17:59:31
Менин оюмча биринчи маселе эмнеге жалгыз бой эненин жалгыз баласын аскерге алып кетишкен.
+3
monster_high_98
2018-08-22 20:38:18
Энеси жалгыз тарбияласа демек боорукер болуп чонойгондур,турмуштун ойдо томонун коргон.Анан жакшы ниетте жумуртканы уяга салып коеюн деген.А биздикилер любой жерден актанышып чыга келет,белгилер бар палан тукун!Озу"жогорудагылар периштесинер "соз жок!
+2
Miroslav
2018-08-23 00:51:24
Койулган белгилерди урупда ойнобойм,птичку жалко деп кирип кеткен экен жардам бергени шитке,деп айткан экен солдат десенер камандир акалар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан