29-августта төрөлгөндөр табиятынан күчтүү, ак көңүл адамдар болушат. Жакын адамдары үчүн ар дайым камкор болуп, колунан келген жардамын берүүгө даяр. Бул күнү жарыкка келгендер бирөөгө көз каранды болууну жактырбагандыктан ар бир ишти өзү чечип, өзү бүтүрүүгө аракеттенет. Кээде гана жакын адамдарынын берген акыл-насаатын угуп, керектүүлөрүн гана кабыл албаса, көбүнчө чечимди өзү чыгарат.
Бул күнү төрөлгөн адамдарды ийгиликтүү деп айтсак да жаңылышпайбыз. Алар кандай гана иш болбосун чечкиндүүлүгүнүн аркасында оңой эле жеңип, анын артында ийгилик жарата алат. Анан да булар абдан сезимтал, ойчул адамдар болгондуктан, ар бир жасап жаткан нерсесине маани берип, туура ойлонуп жасаганга аракет кылат.
Ушул күнү төрөлгөндөр эмгекти ушунчалык сүйгөн адамдар болгондуктан, бир ишти аягына чыгармайынча жаны жай албайт. Жалгыз иштөөнү жактырбагандыктан досторунун курчоосунда болууну жактырышат.