11-август күнү төрөлгөндөр токтоо, берешен жана амалкөй болушат. Ар дайым ийгиликтерди багынтууга умтулуп, ал үчүн тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Максаттарын ишке ашыруу үчүн башкалардын жолуна тоскоол болуп отурбастан өз жолун тандоону туура көрөт. Муну алар башкалардын да идеясын сыйлоо өзүнө аброй топтоого көмөк болот деп түшүндүрүшөт.
Бул күнү төрөлгөндөр көпчүлүктү далилдүү жана ишенимдүү сөздөрү менен өз идеясына бириктире алып, мыкты жетекчи болушат.
Ушул күнү жарыкка келгендер жашоонун чоң сыноолорун башынан өткөрүшөт. Кыйынчылыкка туш болгон сайын улам бышып отуруп, жашоого болгон кызыгуусу артат. Ар бир түйшүктүн артында жемиши да болоруна ишенип, сабырдуу болууга көнгөн. Алардын негизги сапаты катары чыдамкайлык эсептелет. Ар кандай ушак сөздөрдү көңүл сыртында калтырып, маанилүү кеңештерди кубануу менен кабыл алышат.
Үй-бүлөдө тынчтыкты сактоо үчүн бардык күчүн жумшайт.