Астротөлгө: 5-сентябрь күнү кызаргандын баарын өзүнө алгысы келгендер төрөлөбү?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

5-сентябрь күнү төрөлгөндөр ар дайым белгилүү себептерге байланыштуу тынчсызданып жүрүшөт. Башка адамдар жашоосун тынч өткөрүүгө, үй-бүлөсүн бөөдө кырсыктан алыс кармоого аракет кылса, бул күнү төрөлгөндөр чындыктын түбүнө жетмейинче козголоң уюштурганга чейин барышат.

Башкалардан өзгөчө ой жүгүртө алуусу менен айырмаланып, күн бою обочолонгон идеяларды жаратуу менен алек болушат. Жакындары жана достору алардын сөз байлыгынын кенендигине баа берип келишет.

Бул күнү жарыкка келгендер искусство жана илим тармагында укмуштай долбоорлорду жаратууга шыктуу болуу менен, өз ишинин берилген устасы атала алышат.

Кызаргандын баарын өзүнө энчилеп алгысы келгендер так ушул күнү төрөлүшөт. Көпчүлүктүн көзүнчө тайманбай сүйлөп, душмандарын сестентип турат.

Үй-бүлө курууда жөнөкөй жана принципиалдуу адамды түгөй катары тандашат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан