31-августта президенти Сооронбай Жээнбеков борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан таратышты.
Ал күнү мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөзүн сүйлөйт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.
Ошондой эле иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышат.