БШК Бишкектин жана Оштун мэрлерин "Кыргызтесттен" өтүүсүн сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин "Кыргызтесттен" өтүүсүн сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК бүгүнкү отурумунда журналист Канышай Мамыркулованын Азиз Суракматовду мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча талабын канааттандырган жок.

Ошондой эле БШК өкмөттүн токтомуна таянып Бишкектин жана Оштун мэрлерин "Кыргызтест" сынагынан өтүүсүн сунуштады.

Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болуп БШКга арыз жазган. 27-августта БШК бул арызды карап, добуш берүүнү кийинки жыйынга калтырган.

Мамыркулова өкмөттүн токтомуна таянып, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы "Кыргызтест" аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташы керектигин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине артыкчылык берилбеши керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tulpar90
2018-08-30 16:15:18
Оштун мэри өтөт. Себеби кыргыз мектепте окуган,бирок грамматика жагынан кандай экен билбеймин.
-4
anonymous
2018-08-30 16:29:10
Оштун мэри кыргыз мектептин коридорунан бүткөн
+8
Tolkun555
2018-08-30 22:13:52
anonymous,туппа туура
+2
Erik2018
2018-08-31 09:21:38
anonymous, Кыргыз коомунда бирөөнү билип билбей эле аны жамандоо адатынан качан арылабыз. Сен кыйын экенсин мэр болуп албайсынбы. Татыктуу кадр иштин көзүн билет. Сага окшогондор комментарий жазганга эле алы жетет.
-3
tnz
2018-08-30 17:03:22
Силер аны менен чогу каридордо жургонсунорбу тообо деп суйлосонор, Кыргыз тилинен кантип эле отпой калбасын экоо тен отот мунусунда даярданып баратыр жок дегенде.
-7
Azatbek.Svoboda.
2018-08-30 22:57:17
tnz,Жазганына караганда сенда отпойсун!(баратыр)!
+3
CEO1
2018-08-31 07:43:01
Azatbek.Svoboda.,

чогу (чогуу), каридордо (коридордо), баратыр (бараттыр, барат чыгаар). Утур, чекиттери да толук эмес. Демек сен да ошол эки мэрдей эле экенсин, коридордо буткон... )))
+2
anonymous
2018-08-31 01:40:45
tnz,сага окшоп каридор деп жазса өтпөйт
+2
Rasul94
2018-08-31 08:18:14
Супер инфо.кечээ туну чемпиондор лигасынын жыйынтыгын жазып койбойсунарбы.анча мынча жанылыгынар конулго отурбай атат.
+2
Erik2018
2018-08-31 09:23:18
Эки мэр тең мурун бир топ мамлекеттик кызматта иштеген. Тажрыйбалары жетиштүү, улуту кыргыз эне тилин татыктуу тапшыра алышат.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан