Токмокто жаранды бычак менен сайган жергиликтүү кеңештин депутаты табыла элек

Токмок шаарында Талантбек Жамангулов аттуу жаранды бычак менен сайган Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Тынай Жансейитовго сырттан күнөө коюлуп, камакка алуу чечими чыккан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Жансейитов окуя болгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Азыркы тапта анын кайсы жакта экени белгисиз.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына Талантбек Жамангулов кайрылып, аны шаардык кеңештин депутаты бычак менен сайып салганын, бирок кылмышка шектүүнүн туугандары РИИБде иштегенине байланыштуу ал арыз жазбаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2018-09-04 14:58:26
СДПКдан болсо табылбайт жакынкы кундору
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан